• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ошто жардамга муктаж 85 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Аймак 0

Бишкек, 06.07.18. /Кабар/. Ошто турмуш шарты оор, мүмкүнчүлүгү чектелген жана жардамга муктаж үй-бүлөлөргө садака-фитирдин эсебинен азык-түлүк таратылды. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Ош мамлекеттик университетинин профсоюз уюмунун жетекчиси Абдыжапар Аккулов, “Кайтпас-Эл” коомдук бирикмесинин төрагасы Турдали Келдибеков жана казыят кызматкерлери катышышты.

“Иш-чаранын жүрүшүндө облус казысы Самидин кары Атабаев “Кайрымдуулук жана берешендик” темасында баяндама жасап, Рамазан айы ичинде колунда бар жарандардын жасаган кайрымдуулук иштерине ыраазычылык билдирди”, - деп кабарлашты муфтияттан.

Жалпысынан ар бир жаранга 10 килограммдан ун, күрүч, кесме, чай, туз, кумшекер, май, самын, ширенке жана башка керектүү каражаттар тапшырылды.

Социалдык жактан жардамга муктаж үй-бүлөлөрдү аныктоо жана топтоо иштери “Кайтпас-Эл” коомдук бирикмеси тарабынан жүргүзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий