• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ошто жарнама такталары чүчүкулак аркылуу саясий партияларга ижарага берилет

Аймак 0

Бишкек, 26.10.21. /Кабар/. Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгына караштуу жарнамалык щиттер парламенттик шайлоого аттанып жаткан партияларга жана талапкерлерге чүчү кулак аркылуу ижарага берилет. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мындай чечимди кечээ, 25-октябрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов кабыл алып, тийиштүү кызматтарга тапшырма берди.

Шаар башчы мындай чечим президент Садыр Жапаровдун калыс шайлоо өткөрүү, кайсы бир партиянын кызыкчылыгына иштебегиле деген талаптарынын негизинде шайлоого аттангандарга бирдей шарт түзүп берүү максатында кабыл алынганын билдирди.

Белгилей кетсек, Ош шаарында жалпысынан 16 муниципалдык жарнама тактасы бар.

Пикир

Оставить комментарий