• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто жасалма доллар алып жүргөн жаран колго түштү

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.04.21. /Кабар/. Ош облусунун аймагында жасалма акча алып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош ОИИБдин криминалдык милициясына Ош облусунун жана Ош шаарынын аймагында “А” аттуу жаран жасалма АКШ долларын пайдаланып жана ири өлчөмдөгү жасалма акчаларды алмаштырам деп жүргөн адам тууралуу маалымат келип түшкөн.

Аталган факт КРнын Жазык кодексинин 225-беренесинде ("Акчаны же баалуу кагазды жасалма жасоо") каралган кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш иши катталган.

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө жана ыкчам маалыматтардын негизинде Кара-Суу районунун Фуркат айылында Өзгөн районунун Старая Покровка айылынын тургуну 34 жаштагы "К.Г." 2 миң АКШ долларын бирөөгө берип жаткан жеринен кармалды.

Кармалган учурда 20 даана 100 АКШ долларга окшогон акча каражаты табылып алынган. Алынган акча каражаттарына тиешелүү экспертиза дайындалып, анын кортундусуна ылайык, 20 даана 100 АКШ долларындагы купюралар түстүү лазердик принтердин жардамында чыгарылгандыгы аныкталган.

Шектүү "К.Г." КР Жазык кодексинин 98-99-беренелеринин негизинде Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий