• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто жаштар арасында “Кыз намысы кымбат” сынагы өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 02.05.18. /Кабар/. Ош шаардык мэриясынын жаштар иштери боюнча комитети “Кыз намысы кымбат” аталыштагы сынак өткөрдү. Аталган иш-чаранын максаты кыздарды тазалыкка, акылдуулукка жана аруулукка үндөө болуп саналат.

Сынак этаптарга бөлүнгөн: саламдашуу, бий сынагы жана сахналаштыруу.

Иш-чаранын жыйынтыгында биринчи орунду аймактык “Манас-Ата” кеңешинин курамасы уткан.

Жеңүүчүлөр жаштар иштери боюнча комитеттин атынан дипломдор жана балуу белектер менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий