• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ошто “Жаштар парламенти-IV” долбоорунун мүчөлөрүнө төш белгилер тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 07.12.19. /Кабар/. Бейшемби, 5-декабрь күнү Ош шаарында “Жаштар парламенти-III” долбоорунун 24 бүтүрүүчүсүнө сертификат, “Жаштар парламенти-IV” долбооруна кабыл алынган 45 мүчөсүнө төш белги тапшыруу аземи болуп өттү.

Ал иш-чарага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, долбоордун катышуучулары жана шаардын активдүү жаштары катышты.

Анда Таалайбек Сарыбашов сөз сүйлөп, жаштар демилгелүү болуп, идеяга бай болсо шаар да, мамлекет да өнүгөрүн, күчтүү коом түзүлөрүн белгиледи.

“Ош шаарынын мэриясы ар дайым жаштар тарабынан көтөрүлгөн долбоорлорду колдоого даяр. Жаштар менен атайын жаштар комитети иш алып барат. Ортодо тыгыз кызматташуу болушу керек. Аракеттенгиле, инновациялык технологияларды мыкты өздөштүргүлө, тил үйрөнгүлө жана мекенге, элге, шаарга кызмат кылууну унутпагыла”- деди Т.Сарыбашов.

Белгилей кетсек, Ош шаарынын мэриясынын жаштар иштери боюнча комитети тарабынан “Жаштар парламенти” долбоору ишке ашырылып келет. Жыл аягында долбоорго жигердүү катышкан жаштар сертификат алып, кийинки жылга атайын мүчөлөр тандалып алынат. Мындан тышкары долбоордун катышуучулары шаардагы жаштарга багытталган коомдук-саясий иш-чараларга катышып, өнүгүү боюнча атайын демилгелерди, идеяларды көтөрүп чыгып, ишке ашырышат.

Пикир

Оставить комментарий