• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто жаштар согуш ардагерлери менен баарлашышты

Аймак 0

Бишкек, 26-апрель /Кабар/. Бүгүн, 26-апрелде Ош шаарынын жаштары Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлери менен баарлашып, акыл-насааттарын угуп кайтышты. Аталган иш-чара Ош шаарынын мэриясынын жаштар иштери боюнча комитети тарабынан уюштурулду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө жаштар согуш ардагерлерине түрдүү суроолорду узатып, маектешишти. Ардагерлер согуш күндөгү жашоонун сүртүмдөрүн айтып, ал мезгилди сөз менен айтып жеткирүү кыйын экендигин билдиришти. Ошондой эле, билим менен гана баардык ийгиликтерди багындырууга боло тургандыгын кошумчалап баталарын беришти.

Ош шаарынын мэриясынын жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Мелис Обозов аталардын эрдиги эч качан унутулбай, жаштар үчүн өрнөк экендигин билдирди.

“Жалпысынан жетимишке жакын жаштар чогулуп, бүгүн биз үчүн тынчтык алып келген аталарыбыздан кабар алууну баштадык. Жалпысынан 15 согуштун ардагерине белек камдап, ар биринин үйүнө барып тапшырдык. Бирок бул аздык кылат. Алардын эрдиги баа жеткис, жүрөгүбүздүн түпкүрүндө эч качан унутулбай, сакталат”, - деди М.Обозов.

Ош шаарында жалпысынан 15 согуштун ардагери, 36 ооруктун катышуучусу бар.

Пикир

Оставить комментарий