• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Ошто жаштарга арналган жаңы жылдык кечеде активдүү жаштар сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 26.12.18. /Кабар/. 25-декабрь күнү Ош шаарынын мэринин жаштарга арналган жаңы жылдык кечеси болуп өттү.

Ага шаар башчысы Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, ар кайсы тармакта эмгектенген жаштар, активисттер, студенттер катышты. Т.Сарыбашов жаштардын коомдогу ордун баса белгилеп, жаштарга жаңы жыл ийгиликтин жана берекенин жылы болсун деген тилектерин билдирди.

«Мамлекеттин гүлдөп өнүгүшү жаштардын билимине, маданиятына, коомдогу ордуна көз каранды. Билим алып, көп тил билип, замандын агымы менен, заманбап технологияларды үйрөнүп, алган билимди мамлекет, эл үчүн жумшасак ошондо өнүгүү өсүү болот”, – деди шаар мэри.

Иш-чаранын жүрүшүндө, Т.Сарыбашов Ош шаарынын коомдук саясий иштерине активдүү катышкан жаштарга, атайын даярдалган “2018-жылдын мыктылары” статуэткаларын тапшырды.

Расмий бөлүк бүткөн соң, жаштар үчүн бий кечеси уюштурулуп, маданият башкармалыгынын ырчылары жана бийчилери концерттик программа тартуулашты.

Ошондой эле, ар кандай конкурстар уюштурулуп жеңүүчүлөргө баалуу белектер берилди. Жаңы жылдык кечеге 500дөн ашуун жаштар катышты.

Пикир

Оставить комментарий