• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ошто жашы жете элек балдар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу маселеси талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 17.11.21. /Кабар/. Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова тийиштүү тармактардын жетекчилери менен биргеликте жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анда балдар арасындагы кылмыштуулуктун, суициддин алдын алуу, билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, билим берүү мекемелериндеги коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу маселеси көтөрүлдү.

Ош шаардык прокуратурасынын өкүлү Өмүрбек Жужуров бул багытта аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Ошону менен катар вице-мэр алдыда өтүүчү шайлоодо мыйзам бузуучулукка жол бербөөгө чакырып, муниципалдык кызматкерлердин үгүт иштерине аралашуусуна чара көрүлө турганын эскертти.

Пикир

Оставить комментарий