• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча жыйын болду

Аймак 0

Бишкек, 24.05.19. /Кабар/. Ош шаарынын мэриясында шаарды жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча жазгы 3 айлыкты өткөрүү боюнча штабдын жыйыны болду.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, жыйынга Ош шаарынын мэриясынын чарба жана транспорт бөлүмүнүн башчысы Урали Раманов, тийиштүү мекеме ишканалардын жетекчилери жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчылары катышты.

Жыйында Ош шаарынын аймагын жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча жарыяланган жазгы үч айлыктын алкагында аткарылган иштер талкууланды.

Муниципалдык аймактык башкармалыктар, мекеме ишканалар тарабынан аткарылган иш аракеттер жана кемчиликтер айтылып, тийиштүү тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий