• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто жазгы массалык чуркоо болот

Аймак 0

Бишкек, 11.04.18. /Кабар/. Ошто 14-апрелде жазгы жалпы жеңил атлетика боюнча чуркоо болот. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ага Ош шаарындагы мекеме-ишканалардын жетекчилери, кызматкерлери,жогорку, орто окуу жайлардын студенттери, мектеп окуучулары, саламаттыкты сактоо жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери катышат.

Чуркоо эркектер жана аялдар арасында 14 түргө бөлүнүп, катышуучулар 400, 500, 1500, 2200 метр аралыкка чуркашат.

Жеңүүчүлөр Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин дипломдору, ардак баракчалары жана баалуу белектери менен сыйланат.

Бул иш-чаранын максаты, спортту калк арасында пропагандалоо, аларды спорт менен машыгууга үндөө болуп эсептелет. Спорттук мелдеш 14-апрелде Ош шаарынын борбордук аянтында 8:30да башталат.

Пикир

Оставить комментарий