• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто жазгы талаа иштери боюнча штабдык отурум болуп өттү

Аймак 0

Бишкек, 07.04.21. /Кабар/. Ошто жазгы талаа иштери боюнча штабдык отурум болуп өттү, - деп билдирет өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, жыйынга айыл,суу жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Бактыбек Алайчиев, район жетекчилери, акимдер жана орун басарлары, айыл өкмөт башчылары, жайыт жана асыл тукум мал чарба департаментинин өкүлдөрү, райондук агрардык өнүгүү бөлүмдөрүнүн башчылары катышты.

Жыйында облус боюнча аткарылган жазгы талаа иштери, эгин талааларды суу менен камсыз кылуу, жер семирткичтердин запасы, дыйкандарды колдоо үчүн жасалган иш-аракеттер жана башка аткарылган жумуштар тууралуу маалыматтар айтылды.

Пикир

Оставить комментарий