• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто жазгы тазалоо иштери кызуу жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 28.02.18. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев аймактарды кыдырып жазгы тазалоо иштерин күчөтүү боюнча катуу талаптарды койгон. 1-марттан тарта шаарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык тазалоо боюнча 3 айлык жарыяланды,-деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Шаарды жазгы тазалоо иштери учурда кызуу жүрүүдө. Тазалоо иштери таңкы убакта жолдорго суу себүү менен башталат. Таң эртелеп көчөлөргө Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынын атайын техникалары суу чачып беришет. Андан кийин Ош-Тазалык ишканасынын жумушчулары шыпырып, тазалашат.

Мындан сырткары, Ош-Тазалык ишканасынын бригадаларынын жумушчулары Ош шаарынын борбордук көчөлөрүн, чогулган кум, таштарды, арык ичиндеги жана жол четиндеги бадал дарактарынын арасындагы таштандыларды жыйнап, тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Жумушчулар керектүү эмгек шаймандары шыпыргы, кол кап, күрөк менен камсыз болушкан.

Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынын кызматкерлери шаардын көчөлөрүндөгү арыктар жана өтмөктөрдү, желим бөтөлкө, желим баштык өңдүү акыр-чикир толгон жерлерди тазалашууда. Арыктарды тазалоо үчүн техника, атайын шаймандар бөлүнүп берилген.

Желим баштык өңдүү акыр-чикир толгон жерлерди тазалашууда. Арыктарды тазалоо үчүн техника, атайын шаймандар бөлүнүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий