• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ошто жазгы жалпы чуркоо болот

Спорт 0

Бишкек, 20-апрель /Кабар/. Ошто 22-апрель күнү жазгы жалпы жеңил атлетика боюнча чуркоо болот. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Иш чарага Ош шаарындагы мекеме-ишканалардын жетекчилери, кызматкерлери,жогорку, орто окуу жайлардын студенттери, мектеп окуучулары, саламаттыкты сактоо жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери катышат.

Чуркоо эркектер жана аялдар арасында 14 түргө бөлүнүп, катышуучулар 400, 500, 1500, 2200 метр аралыкка чуркашат. Жеңүүчүлөр Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин дипломдору, ардак баракчалары жана баалуу белектери менен сыйланышат.

Бул иш-чаранын максаты, спортту калк арасында жайылтуу, аларды спорт менен машыгууга үндөө болуп эсептелет.

Спорттук мелдеш 21-апрелде Ош шаарынын борбордук аянтында 8:30да башталат.

Пикир

Оставить комментарий