• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто жазгы жеңил атлетика сезону ачылды

Спорт 0

Бишкек, 4-апрель /Кабар/. Ош шаарында А.Сүйүнбаев атындагы стандиондо 4-5-апрелде жазгы жеңил атлетика сезонунун ачылышы өтүүдө. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, Ош шаардык мэриясынын дене тарбия жана спорт комитети жеңил атлетика жарышын уюштуруп, ага 200 дөн ашык адам катышты.

Ош шаардык мэриясынын дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасынын орун басары Уланбек Авазбековдун айтымында, жарышка студенттер дана мектеп окуучулары, андан тышкары каалоочу шаардыктар катышып, алар ар түрдүү аралыкка жарышты.

Ошондой эле, басма сөз кызматы жарыштын жеңүүчүлөрү диплом жана Ош шаардык мэриясынын дене тарбия жана спорт комитетинин атынан баалуу белектерди алышат.

Пикир

Оставить комментарий