• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто жеңил атлетика боюнча шаардын мыктылары аныкталды

Спорт 0

Бишкек, 15.11.19. /Кабар/. Ош шаарында 12-13-ноябрь күндөрү кыздар, балдар арасында жеңил атлетика боюнча шаардын биринчилиги болуп өттү. Мелдеш шаардын борбордук стадионунда өтүп, ага жалпы 300гө жакын спортчу катышты.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, алар 100, 200, 400, 800,1500, 3000 метр аралыкка чуркоо, узундукка секирүү жана эстафета боюнча күч сынашып, мыктылар аныкталды.

Мелдештин жеңүүчүлөрүнө Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Кылыч Саркарбаев медаль, диплом жана баалуу белектерди тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий