• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто Жээнбековдун катышуусунда «Санарип КР: региондорду өнүктүрүү” биринчи телекоммуникациялык форуму өтүүдө

Президент 0

Бишкек, 22.04.19. /Кабар/. Бүгүн, 22-апрелде президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда «Санарип Кыргызстан: региондорду өнүктүрүү” биринчи телекоммуникациялык форум өтүп жатат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Форумга мамлекеттик органдардын, депутаттык корпустун, бизнес-коомчулуктун, электр байланыш компанияларынын операторлорунун, коомдук уюмдардын жана эл аралык уюмдардын 500дөн ашык өкүлдөрү катышып жатышат.

Форумдун катышуучулары санарип трансформациялоо боюнча мамлекеттик программаларды ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышып, күндөлүк көйгөйлөрдү жана өлкөнүн санарип экономикасынын негизи катары байланыш тармагын өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашууда, чет элдик жана ата-мекендик телекоммуникация рыногун талдап, өлкөнү санариптештирүү процессиндеги электр байланыш операторлорунун иш тажрыйбасын карашууда.

Пикир

Оставить комментарий