• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Ошто жер астындагы газ түтүкчөлөр эскирип, тешилген учурлар көп катталууда

Аймак 0

Бишкек, 01.02.196 /Кабар/. Ош шаарында жер астындагы газ түтүкчөлөрүнүн эскилиги жетип, тешилген учурлар көп катталууда. Бул тууралуу шаардын мэри Таалайбек Сарыбашов "Газпром Кыргызстандын" "Ошгаз" филиалынын ишмердүүлүгү менен таанышуу учурунда айтылды.

Мындай учурларды алдын алуу үчүн "Ошгаз" 2019-жылы бир катар көчөлөрдөгү түтүкчөлөрдү жаңылоону пландаштырууда. Өткөн жылы шаар аймагында 14,87 км жер астындагы газ түтүкчөлөрү алмаштырылган.

Газ чыгуу коркунучу болгон жайлар калыбына келтирилип, газ кудуктарында оңдоо иштери жүргүзүлгөн.

Сарыбашов шаар аймагын толук газ менен камсыздоо боюнча аракеттер токтобошу керектигин жана эскилиги жеткен газ түтүкчөлөрү толук алмаштырууга муктаждыгын айтып өттү.

Мэр толук оңдоодон өткөн имарат жана жаңыланган техникалар менен жакындан таанышып чыкты. Кызматкерлерге заманбап шарттар түзүлүп, керектөөчүлөргө шарт түзүү үчүн бирдиктүү терезе ачылган.

"Ошгаз" шаардагы 64 миң 738 керектөөчүлөрдү газ менен камсыздайт. Анын ичинде жеке сектордон – 36 миң 497, мамлекеттик сектордон – 28 миң 241, коммерциялык ишканалар – 610, бюджеттик уюмдар – 50, өнөр-жай ишканалардан – 1.

Пикир

Оставить комментарий