• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ошто жер семирткичти өндүрүү боюнча кыргыз-өзбек ишканасын ачуу пландалууда

Экономика 0

Бишкек, 26.01.23. /Кабар/. Ош облусунда жер семирткичти өндүрүү боюнча кыргыз-өзбек ишканасын ачуу пландалууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КР Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Нурадил Баясов билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан-Өзбекстан бизнес-форумунун жүрүшүндө жалпысынан 168 млн долларга 11 документке кол коюлду.

“Жүгөрү жана эт азыктары боюнча (ред.: Кыргызстандан Өзбекстанга экспорттоо) келишимдер ишке аша баштады. Алардын жалпы суммасы 120 млн долларды түзөт. Компаниялар көп жылдар бою туруктуу кызматташып келет. Бүгүнкү күндө жер семирткичтерди өндүрүү жана жүгөрү экспорттоо боюнча биргелешкен ишкана түзүү мүмкүнчүлүгүн карап жатабыз. Ал Ош шаарында жайгашат”, - деди Баясов.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары ошондой эле Чүй облусунда Ravon үлгүсүндөгү унаасын чогултуучу жайды түзүү боюнча чоң долбоорго кол коюуга даярдык жүрүп жаткандыгын белгиледи.

“Документке “УзАвтоСаноат” жана ата мекендик “ДТ Техник” жана “НУР” компаниялары кол коюшат. Бул долбоор боюнча алгачкы меморандумга 2017-жылы кол коюлган. Ошол жылдан бери бир топ сүйлөшүүлөр жүрүп, талаштуу маселелер чечилди”, - деди ал.

Баясов белгилегендей, бүгүнкү күндө көйгөйлөрдүн көбү жоюлуп, долбоор толук ишке ашыруу стадиясында турат.

Пикир

Оставить комментарий