• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто жер титирөө катталды

Аймак 0

Бишкек, 13.02.19. /Кабар/. Ош облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.

КРнын Улуттук илимдер академиясынын Сеймология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 13-февралда түнкү саат 01:23тө Ош облусунун аймагында катталган.

Жер титирөө Алай районунун Бор-Дөбө айылында 2 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий