• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ошто жергиликтүү бюджеттин эсебинен 100 орундуу балдар бакчасы курулууда

Аймак 0

Бишкек, 08.04.21. /Кабар/. Бүгүн, 8-апрелде Ош шаарындагы №30 “Айданек” балдар бакчасына кошумча 100 орундуу бала бакчанын курулушу башталды. Мэр Таалайбек Сарыбашов бала бакчанын курулушуна кыш коюп, куруучулардан кабар алды.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, “Айданек” балдар бакчасынын эски имараты 1967-жылы курулган. Мэр балдар бакчанын тарбиячылары менен баарлашуу учурунда эски имаратты да капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүп берүүнү убадалады.

“Шаар боюнча 5 бала бакчанын курулушу жүрүп жаткан, анын үчөөсү колдонууга берилип, 2 бала бакча жакынкы күндөрү шаар тургундарына тапшырылат. Ал эми бул балдар бакчасынан тышкары, дагы бир балдар бакчасынын курулушу башталганы турат. 2 жарым жыл ичинде 7 балдар бакчасынын курулуш иштери жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулуп жатат десек болот. Келечек муунду жакшы тарбиялоону колго алып, алардын аң-сезиминин өрчүшүнө, дени сак болушуна, коомго аралашуусуна кам көрүү үчүн шарт түзүп берүү зарыл. Биз бул багытта мүмкүнчүлүктүн болушунча аракет кылып жатабыз”, - деди Сарыбашов.

Мэриядан кошумчалашкандай, 100 орундуу кошумча имарттын курулушун тендерден утуп алган “Север-Юг-Строй” ЖЧКсы жүргүзүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий