• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Ошто жиу-житсу жана грэпплинг боюнча чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты

Спорт 0

Ош, 04.12.18. /Кабар/. Ош шаарынын эл аралык аэропортунда бразилиялык жиу-житсу жана грэпплинг боюнча дүйнө чемпиону болгон Кудайберди Бакиев жана Кылычбек Аманбаевдерди салтанаттуу тосуп алышты.

Спортчуларды тосуп алууга Дене тарбия жана спорт боюнча шаардык комитетинин өкүлдөрү, машыктыруучулар, спортчулар жана чемпиондордун туугандары келишкен. Жеңүүчүлөр мекенине келген соң, аларга улуттук кийим - чепкен кийгизишкен.

Кудайберди Бакиев 71 кг салмак категориясында 4 биринчилике катышып, финалда дагестандык спортчуну жеңип алган.

Ал эми Кылычбек Аманбаев 84 кг салмак категориясында жиу-житсу кимоно боюнча күмүш медаль алып, грепплинг боюнча коло медалын алган.

Эскерте кетсек, 16-17-ноябрь күндөрү Санкт-Петербург шаарында (Россия) AGML (Open WORLD AGML CHAMPIONSHIP 2018) бразилиялык жиу-житсу жана грепплинг боюнча дүйнөлүк ачык чемпионаты өткөн. Турнирде Латвия, Швейцария, Италия, Иран, Өзбекстан, Алжир, Кыргызстан, Россия ж.б өлкөлөрүнөн 750дөн ашык спортчу катышкан.

Пикир

Оставить комментарий