• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Ошто жоголгон эки өспүрүм кыз Бишкектен табылды

Коом 0

Бишкек, 16.08.18. /Кабар/. Ошто дайынсыз жоголгон эки өспүрүм кыз – Роза менен Гүлбара Бишкектеги Жал кичи районунан табылган. Бул тууралуу Ош шаардык ИИБнен кабарлашты.

Кыздардын айтуусунда, алар “ойногону” келишкен, телефондору болсо өчүк. Учурда текшерүү иштери жүрүүдө.

Мурда кабарлангандай, алар 10-августта болжол менен саат 10дор чамасында үйдөн чыккан боюнча кайтып келишкен эмес. Акыркы жолу аларды чогу “Ак-Буура” эс алуу жайынан көрүшкөн.

Пикир

Оставить комментарий