• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ошто пара сунуштаган айдоочуга карата кылмыш иши козголду

Аймак 0

Бишкек, 03.11.21. /Кабар/. Ош шаарында жол эрежесин бузгандыгы үчүн пара сунуштаган жаранга карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 2-ноябрь күнү шаардык милициянын кайгуул кызмат бөлүмүнүн кызматкерлери М.А. жана Э.К. Ош шаарынын А.Навои көчөсүндө кызмат өтөп жүргөн учурда жөө өтмөктөн адамды өткөрбөй, бузуу жасагандыгы үчүн “Лада Ваз-2107” унаасынын айдоочусун токтотушкан.

Ал Ноокат районунун тургуну В.Б. болуп чыгып, анын айдоочулук күбөлүгүн жана транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүгүн текшерген учурда жок болгон.

Ага карата протокол түзүү учурунда бир нече жолу эскертүүгө карабастан айдоочу пара катары 3000 (үч миӊ) сом акча каражатын сунуштаган.

Аталган факты боюнча кызматкерлер Ош ШИИБине билдирме менен кайрылышып, тергөөчү тарабынан суралган учурда В.Б. аттуу жаран тарабынан акча каражаты сунуштагалганы тастыкталган.

Бул факт Ош шаардык милициясынын кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КР Жазык кодексинин 328-беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Ош шаардык милициясы ушундай учурлардын алдын алуу жана болтурбоо үчүн пара сунуш кылуу бул кылмыш жана ал үчүн КР Жазык кодексинин 328-беренесинде (“Пара берүү”) ири өчлөмдөгү айып пул жана эркиндигинен ажыратуу жазалары каралганын эскертет.

Пикир

Оставить комментарий