• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто жол кырсыгы катталып, үч адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 11.04.21. /Кабар/. Ошто жол кырсыгы катталып, үч адам каза болду. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Бүгүн, 11-апрелде саат 01:50лөр чамасында Ош ШИИБнин нөөмөт бөлүмүнө Ош-Ноокат унаа жолундагы Жапалак айылынын аймагында ВАЗ-2106 үлгүсүндөгү жеӊил унаа менен ДАФ-XF95430 үлгүсүндөгү унаа кагышып, натыйжада 3 жаран каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.

Ыкчам-тергөө тобу тарабынан каза болгон ВАЗ-2106 унаасынын ээси аныкталган. Ал Ош шаарындагы Жапалак айылынын 57 жаштагы А.К. аттуу тургуну болгон.

Белгилүү болгондой, ВАЗ-2106 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу карама-каршы тилкеге чыгып, Таш-Көмүр шаарынын 48 жаштагы тургунунун башкаруусундагы ДАФ-XF95430 үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн.

Натыйжада ВАЗ-2106 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жана эки жүргүнчүсү (аял кишилер) каза болгон. Унаанын дагы бир жүргүнчүсү Ош шаардык аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.

Бул окуя Ош ШИИБнин Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 297-беренеси боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Тергөөнүн алгачкы алган маалыматтарына ылайык, ВАЗ-2106 үлгүсүндөгү унаанын ичиндеги адамдар кырсыкка учураар алдында бир үйгө кирип каракчылык жасап чыгышкан. Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталган жаӊы жагдайлар тууралуу кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий