• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ошто жол кырсыгынан 1 адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 20.07.18. /Кабар/. Ош шаарындагы Шакиров көчөсүндө кечээ, 19-июлда болжол менен саат 03:05тер чамасында жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, “Hyundai Porter” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, жолдун четиндеги бакты сүзүп алган.

Кырсыктын кесепетинен айдоочу жабыркап, бир аял каза болгон. Учурда алардын өздүгү такталууда.

“Куткаруучулар каза болгон адамдын жансыз денесин унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми айдоочу тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген”, -деп кабарлашты ӨКМ кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий