• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто жол кырсыгынан бир адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 15.10.21. /Кабар/. Ошто жол кырсыгынан бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак айылында "Гольф-3" үлгүсүндөгү жеңил унаа жана "Вольво" үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын каттышуусунда жол кырсыгы катталган.

Натыйжада 1998-жылы туулган М.Н. аттуу эркек киши каза болгон. Тартылган куткаруучулар каза болгон адамдын сөөгүн унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий