• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто жол кырсыгынын алдын алууга багытталган “Үгүт жүрүш 2017” иш чарасы старт алды

Аймак 0

Бишкек, 13.09.17./Кабар/. Бүгүн, 13-сентябрда Ош шаарындагы жол кырсыктарынын алдын алууга багытталган “Үгүт жүрүш-2017” иш чарасынын экинчи этабы башталды. Бул тууралуу Ош шаардык ИИБнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш чара Ош ШИИБнин патрулдук милициясы тарабынан ишке ашырылууда.

“Иш чаранын жүрүшүндө патрулдук милициянын кызматкери үн күчѳткүч аркылуу айдоочуларды жол эрежелерин сактоого үндөйт. Бүгүн автоунаалардын кербени шаардын жол кырсыгы эң кѳп катталган аймактарында болушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий