• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ошто жолдор башкармалыгына жаңы техникалар тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 14-апрель /Кабар/. Бүгүн, 14-апрелде Ош шаарынын борбордук аянтында мэрия тарабынан алынган атайын 8 техникалар шаардык жолдор башкармалыгына берилди. Техникалардын ачкычтарын шаар мэри Айтмамат Кадырбаев тапшырды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

А.Кадырбаев 2016-жылдын иш-планы боюнча Жолдор башкармалыгына Ош шаарынын мэриясы тарабынан 8 (сегиз) атайын техникалар сатып алынган. Техникалар Россия, Корея, Япония, Швеция, Германиядан чыгарылган машиналар экенин билдирди.

Алар :

1 - жолдордун чуңкурларын жамоочу (спец.машина для ямочного ремонта) КДМ- 316 (Камаз 65115);

1 - жол таптоочу каток (грунтовой виброкаток) ДУ 84;

1 - жүк көтөрүүчү кран (автокран-манипулятор) ISUZU-NQR-75R;

1 - жүк ташуучу камаз (камаз самосвал) 6520-6014-29;

1 - жер казуучу жана жүк жүктөөчү (экскаватор-погрузчик) VOLVO-BL61B;

1 - Хундай Портер – DoubleCab; автоунаасы

1- битум эритүүчү (битумоварка) – БД 1,5 (на дизельном топливе);

1- асфальт кескич (асфальторезка) - BFS 1350 A.

Ош шаардык жолдор башкармалыгынын башчысы Арзыбек Жунусов жогорудагы айтылган техникаларды иштетүү үчүн тиешелүү адистер жумушка алынып, аталган техникаларды иштетүүгө даярдоо жана тиешелүү материалдарды сатып алууга жумуштар жүрүп жатканын айтты.

“Жолдор башкармалыгынын 2017-жылдын иш-планы боюнча Ош шаарынын жолдорун учурдагы тейлөө жана оңдоп-түзөө иштерин өз күчү менен аткаруусу пландаштырылган. Тактап айтканда:

Жолдордогу чуңкурларды жамоо иштерине жыл сайын 15-17 млн. сом каралса, жолдор башкармалыгынын өз күчү менен аткарыла турган болсо 10-12 млн. сом сарпталышы күтүлүүдө. Жолдорду шагылдоо иштерине жылына 5 млн сом каралса, жолдор башкармалыгынын өз күчү менен аткарылатурган болсо 3 млн. сом сарпталат.

Жолдордун элементерин оңдоо, краскалоо, калыбына келтирүү, учурдагы тейлөө иштерине жыл сайын 10 млн сом каралса, жолдор башкармалыгынын күчү менен аткарылса 6 млн. сом сарпталышы күтүлөт. Мындан үнөмдөлгөн акча каражаттын суммасы 4 млн сом болууда.

Жогорудагылардын негизинде Ош шаарынын жолдорун учурдагы тейлөө жана оңдоп-түзөө иштерин жолдор башкармалыгы өз күчү менен аткарса, жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн акча каражатынан 25-30% үнөмдөө күтүлүүдө”,-деди А.Жунусов.

Пикир

Оставить комментарий