• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто жолдордогу чуңкурларды жамоо иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 3-май /Кабар/. Жалпысынан быйыл Ош шаардык жолдор башкармалыгы тарабынан 27 миң м² чуңкурларды жамоо пландалган. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Жолдор башкармалыгынын башчысы Арзыбек Жунусовдун айтымында, алгачкы ирет Ош шаарында жолдорду оңдоп-түзөө иштери муниципалдык жаңы техникалардын жардамы менен жүргүзүлүп жатат.

“Башкармалыкка жаңы техникалар сатылып алынып, жумушчу орундар да түзүлгөн. Быйыл асфальтты гана тендер аркылуу сатып алуудабыз. Шаардын жолдорундагы чуңкурларды жамоо иштери апрель айында башталган. Учурда борбордук көчөлөрдүн бири Масалиев көчөсүндө иш жүрүп жатат”,- деди А.Жунусов.

Жалпысынан шаарда 578 км жол бар, анын ичинен 513 км жолдор башкармалыгына караштуу, 57 км Транспорт министрлигине жана 8 км Кара-Суу районун карамагында турат.

Пикир

Оставить комментарий