• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто жолдошу кызганычтан улам аялын өлтүрүүгө шектелүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 05.04.23. /Кабар/. Ош шаарында жолдошу кызганычтан улам аялын өлтүрүүгө шектелүүдө. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө караганда, 2-апрелде саат 23:00дөр чамасында Ош шаарынын Набережная көчөсүндөгү Ак-Буура дарыясынын боюнан Кара-Суу районунун 23 жаштагы тургунунун сөөгү табылган.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары кыздын 28 жаштагы жолдошу кармалып, Ош шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

“Шектүүнүн берген алгачкы көрсөтмөсүнө ылайык, ал жубайын башка бирөөгө кызганып, аркасынан аңдыган. Аялын Набережная көчөсүндө отурган жеринен көрүп калып, кызганычтан улам моюн тушуна бир ирет бычак менен сайып жиберген. Натыйжада аялы окуя болгон жерде каза болгон. Шектүү аялына жардам бербестен кетип калган”, - деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Жубайлардын үч баласы бар.

Пикир

Оставить комментарий