• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто жыл аягында мыкты мекеме-ишканалар, кызматкерлер аныкталат

Аймак 0

Бишкек, 29-март /Кабар/. Ош шаарында «эң мыкты муниципалдык мекеме»,«эң мыкты муниципалдык ишкана»,«мыкты муниципалдык кызматкер» номинациясы боюнча Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин токтомуна ылайык кароо-сынак жарыяланды. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын максаты Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык мекемелеринин жана муниципалдык ишканаларынын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун арттыруу жана жоопкерчилигин, сапаттуулугун, аброюн жогорулатуу болуп саналат. Ошондой эле, муниципалдык кызматкерлердин кесипкөйлүгүн жогорулатууну мотивдештирүү, алардын потенциалын ачуу, моралдык-материалдык колдоо көрсөтүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө жогорку профессионалдык ийгиликтердин жаралышына өбөлгө түзүү.

Сынактар үчүн атайын Ош шаарынын мэриясынын уюштуруу, кадрдык иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмү тарабынан жобо иштелип, комиссия түзүлгөн. Токтом боюнча сынак март айында жарыяланган. «Эң мыкты муниципалдык мекеме»,«эң мыкты муниципалдык ишкана»,«мыкты муниципалдык кызматкер» номинациясы боюнча жеңүүчүлөр үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында аныкталат.

Пикир

Оставить комментарий