• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ошто жыл башынан бери 16 өспүрүм жоголгон

Аймак 0

Бишкек, 28.02.19. /Кабар/. 2019-жылдын 1-январынан тарта Ош шаардык милициясына 16 өспүрүмдүн жоголгондугу тууралуу арыз келип түшкөн. Ош шаардык ИИБнин басма сөз кызматы билдиргендей, алардын бары аман-эсен табылып, жакындарына кайтарылган.

"Балдардын кѳпчүлүгүнүн үйдѳн чыгып кетишине үй-бүлѳдѳгү түшүнбѳстүк менен таарынычтар себеп болгон", - деп айтылат маалыматта.

Билдирүүгө ылайык, бүгүнкү күнгө карата Ош шаарынын аймагында дайынсыз жоголгон бир да өспүрүм жок.

Милициядан кошумчалашкандай, интернет түйүндөрүндө айтылып жаткан "24 саатка жогол" фактысы боюнча бир бала дайынсыз жоголгон эмес.

Учурда өспүрүмдөр арасында бул "оюнду" ким ойноп жаткандыгы тууралуу маалыматтар текшерилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий