• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто "Жыл мыктылары 2021" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 29.12.21. /Кабар/. Ош шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулган "Жыл мыктылары 2021" сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи 28-декабрда өттү. Ага Оштун мэри Алмаз Мамбетов, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов, конкурстун жеңүүчүлөрү жана жаштар катышты.

Конкурстун катышуучулары социалдык тармак аркылуу сунушталып, андан соң эң көп добуш алгандарынын жыл ичиндеги жетишкендиги, Ош шаарынын өнүгүүсүнө кошкон салымына байкоо жүргүзүлгөн. Натыйжада 22 номинация боюнча ар тармактын мыктылары тандалды. Жеңүүчүлөргө статуэтка жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий