• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ошто жыл сайын жаңы бала бакча куруу иши уланат

Аймак 0

Бишкек. 02.04.19 /Кабар/. Ош шаарында жыл сайын жаңы бала бакча куруу иши уланат. Бул тууралуу калаанын мэри Таалайбек Сарыбашов билдирди.

Мэр шаардагы №17 "Ак ниет-Ош" бала бакчасында жүрүп жаткан курулуш иштери менен таанышып чыкты.

Бала бакчага өзүнчө ашкана, балдар ойноочу аянтча жана жайкы чатырча (беседка) курулууда.

Бала бакчанын имараты өткөн жылы толук капиталдык оңдоодон өткөн. Курулуш иштерине жергиликтүү бюджеттен акча каражаты бөлүнүп, ремонт иштери майда бүтөт.

"Балдар-биздин келечегибиз. Быйылкы жылы эки кичи райондо балдар бакчасын курабыз. Жыл сайын бакча куруу иштери уланат", - деди Оштун мэри.

"Мындан тышкары айрым бакчаларды оңдоодон өткөбүз. Биз балдарга шарт түзүшүбүз керек, – деп кошумчалады Сарыбашов.

Пикир

Оставить комментарий