• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто жылдын аягында троллейбустун экинчи линиясы ачылат

Аймак 0

Бишкек, 26.10.17./Кабар/. Кечээ, 25-октябрда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Курманжан Датка аймактык кеңешинин тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн жеринен угуп кайтты,-деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, жолугушууга мекеме-ишканалардын жетекчилери да катышып, маселелер жеринде чечилди. Айрымдарына тапшырма берилсе, башкалары бир нече убакыт керек экендиги маалым болуп, жооп берилип жатты.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев, казылып жаткан жолдордун калыбына келтирүүдө көзөмөлдү күчөтүүнү талап кылып, айрым көчөлөргө кирбеген канализацияларды Ош шаардык капиталдык башкармалыгынын жетекчисине кийинки жылдын бюджетине каралсын деп тапшырма берди. Ошондой эле, жарыктандыруу, балдар аянтчаларын куруу боюнча да суроолор өз жоопторун алды. Мындан тышкары аймактын тургундары коомдук каттамдар окуучуларды албай жаткандыгын айтышып, троллейбустук каттамдарды жана автобустарды Курманжан Датка көчөсү аркылуу Түштүк-Батыш кичи районуна келүүчү линиянын качан бүтөөрүнө кызыгышты. Ага чарба жана транспорт бөлүмү жылдын аягына чейин троллейбустун экинчи линиясы ачылаарын маалымат берди.

Жыйындын жүрүшүндө Ош шаарынын мэриясы жана муниципалдык ишканалары тарабынан такарылган акыркы төрт жылдык иш аракеттер түшүрүлгөн тасма көрсөтүлдү. Жыйын бир жарым саатай уланып, баардык каттар протоколдоштурулду.

Пикир

Оставить комментарий