• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто “Жылдын мыкты мугалими-2017” сынагынын жеңүүчүсү автоунаага ээ болду

Аймак 0

Бишкек, 11-май /Кабар/. Бүгүн, 11-майда Ош шаарынын мэриясынын жыйындар залында “Жылдын мыкты мугалими-2017” кароо-сынагынын финалдык туру болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Аалардын маалыматында, иш чарага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, шаардагы мугалимдер, окуучулар жана күйөрмандар катышты.

“Салткка айланып келе жаткан кароо сынак чыгаан, чыгармачыл мугалимдердин демине дем, шыгына шык кошуп алдыга карай чоң өбөлгөлөрдү жаратып келе жатат десем жанылышпайм. Анткени баарыбызга белгилүү болгондой өткөн үч жыл ичинде жылдын мыкты мугалими кароо-сынагынын шаардык, андан кийин республикалык баскычтарындагы женүүчүлөрүнө зор колдоо көрсөтүп Ош шаарынын мэриясы тарабынан автоунаа берилди. Коомчулукка белгилүү болгондой, Ош шаарында көп жылдан бери мындай зор колдоо болгон эмес”,-деди А.Кадырбаев.

Сынактын жыйынтыгында баш байгени шаардагы Жетиген лицейинин 28 жаштагы химия мугалими Айжан Абдуватова утуп алды. Ал 2011-жылдан бери мугалим болуп эмгектенип келет.

Шаар мэри Айтамамат Кадырбаев жеңүүчүнү куттуктап, баш байге “ДЭУ Матиз 3” үлгүсүндөгү автоунаанын ачкычын тапшырды.

Ошондой эле, “Жылдын мыкты мектеби-2017” сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталып, 1-орунду “Олимп” мектеп-гимназиясы ээледи. Ал эми 2-орунду №50 Нышанов, 3-орунду №7 Нариманов атындагы мектеп-гимназиялары багындырды.

Пикир

Оставить комментарий