• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто жылуулук берүү 17-марттан тарта токтотулат

Аймак 0

Ош, 15.03.18. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ош шаарында жылуулук берүү 17-марттан тарта токтотулат. Тиешелүү буйрукка шаар мэри А.Кадырбаев кол койду.

Калаа башчысынын буйругу менен 2018-жылдын 17-мартынан баштап шаарга жылуулук энергиясын берүүнү токтотуп, жылуулук менен камсыздоочу обьектилерин 2018-2019-жылдын жылытуу мезгилине даярдоо иштерин баштоо жагы «Ош жылуулук электр Борборуна” (Аттокуров А.А.), «Жылуулук камсыздоо» муниципиалдык ишканасына (Кадырбердиев Б.Ж.), Ош шаардык билим берүү башкармалыгына (Асанов А.А.), саламаттыкты сактоо мекемелерине (Шамшиев А.) милдеттендирилди.

Пикир

Оставить комментарий