• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ошто жылуулукка даярдык көрүү иштери башталды

Аймак 0

Бишкек, 28.05.21. /Кабар/. Ошто жылуулукка даярдык көрүү иштери башталды, - деп кабарлайт Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Оштогу муниципалдык “Жылуулук камсыздоо” ишканасынын жетекчиси Бекмурза Эргешов 2021-2022-жылга жылуулук берүү мезгилине даярдык көрүү максатында Курманжан-Датка (Юго-восток) кичи районунун Абакир уулу Төрөбек (Петрова), Н.Исанов көчөлөрүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Б. Эргешов жылуулук мезгилдеринде жашоочулар тарабынан көйгөйлөр жаралбашы үчүн алдын ала даярдыктарды көрүү зарыл экендигин билдирди.

Ошондой эле шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн жер төлөөсүндөжайгашкан жылуулук өткөрүү түтүктөрүн жаңылоо, алмаштыруу жана жылуулукка болгон дебитордук карыздарды өндүрүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жолугушууга ишкананын кызматкерлери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий