• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Оштогу 150 орундуу оорукананын курулуш иштери 95 %га бүттү

Аймак 0

Бишкек, 25.04.18. /Кабар/. Оштогу 150 орундуу оорукананын курулуш иштери 95 %га бүттү,-деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, кечээ, 24-апрелде Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Ак-Тилек аймактык кеңешине курулуп жаткан 150 орундуу оорукананын курулуш иштерин көргөн.

Курулуш иштери боюнча шаар жетекчисине башкы инженер маалымат берди.

“Оорукананын кулулуш иштери 2017-жылдын август айында башталып, 95 пайызы бүткөрүлдү. Бул жерде, 200гө жакын жумушчу иштейт алардын жарымы кытайлык куруучулар жарымы жергиликтүү куруучулар. Учурда курулушту актап сырдоо, айланасын ирээтке келтирүү жана медициналык жабдыктарды орнотуу жумуштары калды. Курулуш иштерин ушул жылдын июль айында бүтүрүп, тапшырууну пландап жатабыз”,-деди башкы инженерДжанг Иэн Вей.

Айта кетсек, курулуш иштерине 1 млрд. 800 млн. сом акча каражаты жумшалат. Комплекстин жалпы аянты 25 миң чарчы, ал эми курулуштун аянты 12 жарым миң чарчы метрди түзөт. Негизинен имаратка амбулаториялык, стационардык, илимий-изилдөө кеңсеси жана көмөкчү бөлмө кирет. Оорукана 150 бейтапка ылайыкташтырылып, күнүнө 200 бейтапты кабыл алууга мүмкүнчүлүк болот.

Пикир

Оставить комментарий