• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Оштогу 22 май куюучу жайдын иши сотко жөнөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 27.06.19. /Кабар/. Күн мурун Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов автоунааларга май куюучу жайлардын (АЗС) ээлери менен жолугушуу өткөрдү, - деп кабарлашты Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан .

Маалыматка ылайык, жолугушууга Ош шаарынын прокурору К. Абдраимов, шаардык милициянын башчысы М. Боронов, экотехинспекция, архитектура жана башка тиешелүү кызматтардын башчылары да катышты.

Калаа башчысы шаардагы кооптуу май коюучу жайларды сыртка чыгаруу боюнча иштин жүрүшү тууралуу маалымат алып, ишкерлердин да пикирин уккан.

Мэр Ош шаарынын ичинде мындан ары май куюучу бекеттерди курууга уруксат берүү токтотулганын, мурда курулуп иштеп жаткан жайларды бузуу маселеси соттун чечиминен кийин анык болоорун айтты.

“Баары мыйзам чегинде ишке ашат. Март айында Юго-Востокто болгон кырсык баарыбызга сабак болуш керек. Бизге эң биринчи кезекте адамдардын коопсуздугу керек. Ошол кырсыктан кийин май куюучу жайларды тыкыр көзөмөлгө ала баштаганбыз. Норманы сактабаган май коюучу жайлардын иши сотко өттү. 4-июлдан тарта соттук отурумдар башталат. Соттун чечимине жараша чара көрөбүз. Май коюучу жайлардын ээлери, ишкерлерден да суранат элек, биринчи элдин коопсуздугун ойлойлу. Силерге убагында мыйзамдуу кылып документ даярдап берген кызматкерлер жоопко тартылышы керек. Бул боюнча укук коргоо органдары иш алып барат”,- деди шаар мэри Т. Сарыбашов.

Ош шаарында жалпы 44 май куюучу жай болуп, анын ичинен 40 май куюучу бекеттерди текшерүүгө жолдомо алынган. Жыйынтыгында 22 май куюучу жайдын иш кагаздары сотко өттү. 12 жайдын иши шаардык прокуратурага берилген.

Пикир

Оставить комментарий