• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Оштогу Айтматов мектебинде жазуучунун айкели орнотулду

Аймак 0

Бишкек, 12.12.18. /Кабар/. Бүгүн, 12-декабрда залкар жазуучу Ч. Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата Ош шаарындагы № 36 Ч. Айтматов атындагы орто мектепте жазуучунун айкелин ачуу аземи өтөт.

Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашкандай, иш-чара Улуттук адабият күнүн белгилөө менен коштолот.

Залкар жазуучунун айкелин ачуу аземинен соң 90 жылдык мааракенин алкагында билим берүү башкармалыгы тарабынан жыл бою уюштурулган иш- чаралардын жыйынтыгы чыгарылып, адабий кече уюштурулмакчы.

Пикир

Оставить комментарий