• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Оштогу Ак-Буура дарыясын көрктөндүү долбоору талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 13.10.20. /Кабар/. Күн мурун, 12-октябрда Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясын көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык тазалоо долбоорунун курулушу боюнча түзүлгөн жумушчу топтун кезектеги отуруму болуп өттү. Ага Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов жана тийиштүү кызматтын өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, отурумда долбоор азыркы учурда бекитилген иш-гарафиктин негизинде тоскоолдуксуз курулуш иштери жүрүп жаткандыгы белгиленип, күн тартибинде негизинен жалпы 4 маселе каралды.

Алар:

1. Долбоордун курулушунун сапатын жана бекитилген долбоорго ылайык күн сайын техникалык көзөмөлдөөнү уюштуруу.

2. Дарыянын эки жээгинде долбоорго кирген мыйзамсыз өз билемдик менен куруп алган курулуштарды бошотуу жана менчик ээлерине туура түшүндүрүп, курулуш иштерине тоскоолдук жаратпоону колго алуу.

3. Долбоордун жүрүшүндө жаралган көйгөйлөрдү жумушчу топтун мүчөлөрү тарабынан жеринде ыкчам иш алып барып, маселени оң жагына чечүү зарылдыгын белгилөө.

4. Соттун чечими менен өз учурунда берилип кеткен дарыянын корук аймагындагы жер тилкелеринин мыйзамдуулугун карап чыгып, мындан ары иш алып баруусун милдеттендирүү .

Жыйындын жүрүшүндө аталган долбоорду ишке ашырууда келип чыккан айрым маселелерди ыкчам чечүү боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий