• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Оштогу Ак-Буура дарыясынын жээгин көркүнө чыгаруу боюнча жаңы тапшырмалар берилди

Аймак 0

Бишкек, 01.02.10. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Ак-Буура дарыясын көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана куруу боюнча иштелип жаткан долбоор менен таанышты. Калаа башчысы тиешелүү адистер менен кеңешип, долбоорго кошумча сунуштарды айтты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

“Долбоорду кылдаттык менен иштегиле. Мыйзамсыз курулуштарды алып салуу иштерин тездетип, жээктерди тосуп алган жашоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Дарыянын жээги жалпы жашоочуларга таандык. Ак-Буура дарыясын көркүнө чыгарып, шаардыктардын, келген коноктордун эс алуусуна шарт түзүп берүү биздин милдет”, - деди мэр.

Долбоордо Ак-Буура дарыясынын эки жээгине веложол, тротуар курулуп, көрктөндүрүү каралган. Дарыянын жээги жарыктандырылып, отургучтар коюлат. Алгач жээктер табийгий таштар менен бекемделип, тосмолор курулат. Мындан тышкары жөө адамдар үчүн көпүрөлөр да салынат. Февралдын айында долбоор бүтүп, тендер жарыяланмакчы.

Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү, оңдоо иштери 3 этап менен жүргүзүлөт. Жалпы дарыянын 5400 метр аймагы оңдолмокчу.

Пикир

Оставить комментарий