• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Оштогу Ак-Буура суусуна аккан өспүрүм Өзбекстандан табылды

Кырсык 0

Бишкек, 25-июль /Кабар/. Өзбекстандын чек ара кызматкерлери Ош облусундагы Ак-Буура суусуна агып кеткен 12 жаштагы кыргызстандыктын денесин табышкан. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык Нариман айылында 24-июлда орун алган. Өспүрүм сууга түшүп жатканда суу агызып кеткен. Куткаруучулар тарабынын жүргүзүлгөн издөө иштери жыйынтык берген эмес.

Кечээ, саат 22:30дар чамасында Өзбекстандын Худжообай районунун чек ара кызматкерлери өспүрүмдүн денесин таап, туугандарына өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий