• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Оштогу «Ак-Таш» өткөрмө пунктунун иши калыбына келтирилди

Өкмөт 0

Бишкек, 27.12.18. /Кабар/. 2018-жылдын 25-декабрынан тартып Ош облусунун Кара-Суу районунун Барак эксклавынын жашоочуларынын тоскоолдуксуз өтүүсү үчүн «Ак-Таш» (КР) – «Бирлишкен» (ӨР) өткөрмө пунктунун иши калыбына келтирилди.

Макулдашууга 18-декабрда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов менен Кыргызстандын жана Өзбекстандын Чектеш облус жетекчилер кеңешинин экинчи жыйынынын алкагындагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жетишилген.

«Ак-Таш» жөнөкөйлөштүрүлгөн өткөрмө пункту кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында жайгашкан жана Барак эксклавын Ош облусунун Кара-Суу району менен байланыштырып турат. «Ак-Таш» өткөрмө пункту 2013-жылы жазында Барак айылынын кыргыз тургундарын өткөрүүнү убактылуу токтоткон.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы өзбек тарап менен түзгөн келишим боюнча 2013-жылдан 2015-жылга чейин айылга азык-түлүк продуктуларын, медициналык дары-дармектерди, күйүүчү-майлоочу май, үрөн, жер семирткичтерди жана башкаларды ташуу улантылган.

Буга чейин Барак эксклавынын жашоочулары Кыргызстандын негизги аймагына кирүү үчүн мамлекеттик чек араны 150 чакырымды түзгөн «Кызыл-Кыя-унаа жол» көзөмөл өткөрмө пункту аркылуу өтүүгө мажбур болушкан. Ош шаарына чейин жетүү үчүн жалпысынан 300 км жол жүрүү зарыл болгон. Учурда «Ак-Таш» жөнөкөйлөштүрүлгөн өткөрмө пункту аркылуу өлкөнүн негизги аймагына өтүү үчүн 1 чакырымдан ашык жүрүү зарыл.

Өткөрмө пункту күн сайын саат 9дан 19га чейин иштейт. Чукул кырдаал жаралган жагдайда жарандарды өткөрүү күнү-түнү ишке ашырылат.

Пикир

Оставить комментарий