• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Оштогу Алымбек-Датка этнокомплексинде Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш-чара өттү

Аймак 0

Бишкек, 21.03.23./Кабар/. Бүгүн, 21-мартта Нооруз майрамына карата даярдалган иш-чаралардын алкагында Оштогу Алымбек-Датка этнографиялык комплексинде концерттик программа тартууланды.

Салтанат А.Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети менен шаардык маданият башкармалыгы тарабынан даярдалган.

Аталган иш-чарага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, боордош Ростов-на-Дону жана Ярославль шаарларынан келген делегация өкүлдөрү, шаар тургундары катышышты.

Концерттик программада чогулгандар белгилүү эстрада жылдыздарынын, чыгармачыл бий жана музыкалык топтордун өнөрлөрүнө күбө болушту.

Пикир

Оставить комментарий