• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Оштогу асфальт-бетон заводунун иши толугу менен токтотулду

Аймак 0


Бишкек, 24.08.22. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районундагы "Курулуш-Тейлөө" асфальт-бетон заводунун иши толугу менен токтотулду. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 23-августунда интернет айдыңында Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан асфальт-бетон заводунан кара түтүн чыгып жатат деген маалымат чыккан.

Маалыматтык кайрылуунун негизинде Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин мамлекеттик инспекторлору ыкчам иш алып баруу үчүн аталган ишканага барган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө “Курулуш-Тейлөө” ЖЧКнын контролдоо-өлчөөчү жабдыктарын мыйзамсыз иштетүү учурунда асфальт-бетон заводунун морунан жарым сааттай кара түтүн чыккандыгы белгилүү болду. Ошондой эле “Курулуш-Тейлөө” ЖЧКнын асфальт-бетон заводун иштетүүгө эч кандай уруксат кагаздары жок экендиги аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында ишкананын жетекчилигине тийиштүү уруксат кагаздарын алууга, чыккан түтүндү зыянсыздандыруучу чыпкамаларды орнотууга эскертме берилип, заводдун ишмердүүлүгү толугу менен токтотулду.

Пикир

Оставить комментарий