• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Оштогу атышууга шаардык спорт комитетинин башчысы шектелүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 24.09.19. /Кабар/. 22-сентябрда Ош облусунун Кара-Суу районунда атышуу болуп, 29 жаштагы адам жабыркаган. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 22-сентябрь күнү болжол менен саат 09:40 Ош шаарынын милиция кызматынын нөөмөт бөлүмүнө Ош облустук ооруканасынын дарыгерлери телефон чалып, 29 жаштагы Р. уулу Т., денесинен жараат алып кайрылгандыгы жөнүндө маалымдалган.

Аталган окуя боюнча Ош облусунун жана Кара-Суу районунун милиция кызматынын ыкчам тергөө тобу чыгып, 22-сентябрь күнү саат 06:00 чамаларында Кара-Суу районунун Фуркат айылында, Ош шаарынын тургуну 32 жаштагы С.К., аттуу жаран өзүнүн автоунаасы менен 29 жаштагы Алай районунун тургуну Р. уулу Т., аттуу жарандын автоунаасын кубалаган.

Кара-Суу районунун Кыргыз-Чек айылына жеткенде кысып токтотуп, өз ара пикир келишпестиктен С.К., курал менен атып жиберген. Натыйжада Р. уулу Т., аттуу бала Ош облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Такталбаган маалымат боюнча, С.К., аттуу жаран Ош шаардык спорт комитетин башкарып жаткан. Аталган окуя боюнча Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров комитеттин башчысынын жасаган аракеттеринде бузуулар болсо, мыйзам алдында жооп берээрин айтат.

"Окуя боюнча биз социалдык тармактардан жана маалымат сайтынан билдик. Эгер комитет башчынын кылган аракеттеринде бузуулар бар болсо, ал мыйзам алдында жооп берет", - дейт Абсаттаров.

Аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий