• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Оштогу балдар онкологиясы жабылат деген маалымат чындыкка дал келбейт - вице-премьер

Ден соолук 0

Бишкек, 08.05.20. /Кабар/. Ош шаарындагы балдар онкологиясы жабылат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирди.

Анын айтымында, чоңдор жана балдар онкологиясына деп республикалык бюджеттен 160 млн сом бөлүнгөн. Алардын 60 млн сому балдар онкологиясына каралган.

"Бүгүн онкологияга бөлүнгөн каражаттарды бөлүштүрүү боюнча байкоочу кеңештин жыйыны өтөт. Балдар онкологиясы белгилүү акча каражаты бөлүнгөндөн кийин химиялык жана башка дары-дармектерди сатып ала баштайт", - дейт ал.

Вице-премьер белгилегендей, Ошко чек аранын жабык болгонуна байланыштуу 2 дары келбей жатат. Өлкө тарабынан балдар онкологиясында аталган дары болушу үчүн бардык чаралар көрүлүүдө.

"Ош шаарындагы онкология бөлүмүнө муктаждык өтө аз болгондуктан ал жабылат деген маалымат туура эмес. Аталган бөлүмүндө 2019-жылы 41 бейтап химиотерапия алышкан. Амбулатордук каттоодо 89 бейтап турат жана 38 жаран химиотерапия алат. Бул онкологияга болгон муктаждык жогору турат жана аны жабууга болбойт", - дейт Исмаилова.

Пикир

Оставить комментарий