• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Оштогу балдар ооруканасына бюджеттен акча каражаты бөлүнөт - Исмаилова

Ден соолук 0

Бишкек, 29.04.20. /Кабар/. Оштогу балдар ооруканасына бюджеттен акча каражаты бөлүнөт. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирди.

Анын айтымында, Оштогу балдар ооруканасынын онкология бөлүмүндө дары-дармектер толук түрдө бар. "Буга чейин жетишпеген үч дары-дармек бар болчу. Азыр алар да Кыргызстанга келди. Акча каражаты туурасында айта турган болсом, бюджеттен 160 млн сом каралган. Ал каражаттын 100 млн сому жалпы онкологияга бөлүнсө, ал эми балдар онкологиясына 60 млн сом бөлүнөт. Ошондой эле 60 млн сомдун ичинен Оштогу балдар ооруканасына акча бөлүнөт", - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 729ге жетти. Алардын ичинен 191и медицина кызматкери. Илдеттен 437 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 8 адам каза болду. Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда киргизилген өзгөчө абалдын режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле ал убакытка чейин өзгөчө абал тартиби Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий